ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ БОЮНЧА КӨРГӨЗМӨ ЖАНА КЫТАЙДЫН СИНЬЦЗЯНЬ УНИВЕРСИТЕТИНИН КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин башкы имаратынын фойесинде (ЭАУ, Манас шаары) Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун маарекелик иш-чараларынын алкагында улуу гуманист, дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча сүрөттөр көргөзмөсү болуп өттү. Аталган көргөзмө ЭАУнун Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасы тарабынан уюштурулган (кафедра башчысы фил.и.к., проф. Элмира Хурибаева, көргөзмөнүн алып баруучусу доц. Талгарбек Касымов). ЭАУнун илимий иштери боюнча проректору, п.и.к., проф. Төлөгөн Омошевдин айтуусунда көргөзмө абдан кызыктуу, тематикалык жактан мазмундуу болуп, университеттин жана анын колледждеринин студенттеринин активдүү кызыгуусун жаратты.
Ушул эле күнү университетибизге Кытай Эл Республикасынын Синьцзянь университетине (Синьцзянь-Уйгур автоном району, Урумчи шаары) караштуу Конфуций институтунун Жинь Янь айым баштаган өкүлдөрү келишип, кытай тилин окутуу маселелери боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Эске салсак, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунда “Эл аралык мамилелер” жана “Туризм” багыттары боюнча студенттерге кытай тили окутулат, ал студенттер академиялык мобилдүүлүк алкагында Кытайдын жогорку окуу жайларына билим алууга жөнөтүлүп турат.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы














