ЭАУ СТУДЕНТТЕРИНИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АКЫНЫ ТАЗАГҮЛ ЗАКИРОВАНЫН ЖАҢЫ КИТЕПТЕРИНИН БЕТ АЧАРЫНА ЖАНА ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУСУ ЖӨНҮНДӨ
2026-жылдын 21-октябрында Манас шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад областтык Драма театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тазагүл Закированын жаңы “Аалам жүгүн көтөргөн” жана “Түркүн жашоо түрдөлөт” аттуу китептеринин бет ачары болду. Аталган китептердин бет ачары Тазагүл Закированын ырлары боюнча поэзия кечеси менен уланды десек болот. Аталган китептердин бет ачарына жана поэзия кечесине К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) “Филологиялык билим берүү”, “Педагогика” багыттары боюнча студенттери, аларды жетектеп барган кыргыз тили жана адабияты, педагогика боюнча агай-эжекелери да жигердүү катышышты. Алардын ичинде Тазагүл Закированын ырларын көркөм окууда ЭАУнун Кыргыз-Түрк институтунун “Филологиялык билим берүү” багыты, “Кыргыз, түрк тилдери жана адабияты” адистешүүсү боюнча 3-курстун студенти Эмилбек Шүкүров айырмаланды. Аталган иш-чара абдан мазмундуу жана кызыктуу өттү. Тазагүл Закировага чыгармачылык ишмердигинде ийгиликтерди каалайбыз, жаңы чыгармаларды жаратып, кыргыз адабиятын, поэзиясын өнүктүрө берсин!
фил.и.к., ЭАУ профессору Анвар ЖОЛДОШБАЕВ












