“МАНАСТЫН УУЛУ СЕМЕТЕЙ” – ТАК МУРАСКЕРИ” КӨРКӨМ ТАСМАСЫ ЭАУ СТУДЕНТТЕРИНЕ АЛГАЧ КӨРСӨТҮЛДҮ
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун (доктринасын) жүзөгө ашыруу нугунда, улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү иш-аракеттери алкагында, маданиятыбыздын туу чокусу болгон “Манас” дастанын таанытуу, изилдөө жана жаштар арасында жайылтуу багытында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) бир катар мерчемдүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет. 2026-жылдын 7-8-октябрында ЭАУнун чоң жыйындар залында студенттер үчүн “Ак-Бата” кино компаниясынын “Манастын уулу Семетей – так мураскери” аттуу көркөм тасмасынын алгач көрсөтүүлөрү уюштурулду. Эске салсак, аталган тасманын режиссёрлору Эмгемберди Бекболиев жана Дархан Кожохан, башкы оператору Айбек Жангазиев. “Манастын уулу Семетей – так мураскери” көркөм тасмасы жаштардын чыныгы кызыгуусун туудурган, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын таанып-билүүдө абдан керектүү, пайдалуу жана кызыктуу көркөм чыгарма. Көрсөтүүгө көркөм тасманын продюсери Эрмек Карыпбеков өзү келип, тасманын тартылышы боюнча бир катар маалыматтарды берди. ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Аймажамал Кантөрөеванын айтуусунда тасмада өткөн баатырдык доор, ошол доордогу каармандар, окуялар өтө кызыктуу чагылдырылып, кыргыз тарыхы жана маданияты боюнча абдан мазмундуу, көрүнүктүү элестер берилген. Көркөм тасма менен таанышкан студенттер көрсөтүүнүн соңунда абдан ыраазы болушуп, мыкты бааларын беришти. Тарыхый көркөм тасмаларды тартуу кинематографияда абдан көп руханий жана материалдык чыгымдарды талап кылат. Бирок, жаштарга өз элинин тарыхы жана маданияты боюнча таалим-тарбия берүүдө абдан зор касиетке ээ. “Ак-Бата” кино компаниясына терең ыраазычылык!
ЭАУнун тарбия иштери боюнча проректору, фил.и.к., ЭАУ проф. Анвар ЖОЛДОШБАЕВ













