ЭАУда БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ!
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) жыйындар залында 5-октябрь – Билим берүү кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, майрамдык концерт тартууланды. Салтанаттуу жыйында ректораттан куттуктоолор айтылып, мыкты кызматкерлерге бир катар сыйлыктар берилди: төш белгилер, ардак каттар, сыйлуу белектер. Куттуктоолор менен келген меймандар тизмесинде “Демирбанк” банкынын кызматкерлери, Ооган согушунун ардагерлеринин коому ж.б. уюм-мекемелердин өкүлдөрү. Андан кийин майрамдык концертти ЭАУнун Маданий эстетикалык борбору (Мухтар Гайымов), о.э. ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин дирекциясы (директору PhD, доц. Авакан Улан уулу), педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасы (башчысы Анара Кетирекеева), жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасы (башчысы Жакшылык Райымкул уулу), математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык-технологиялык сабактар кафедрасы (башчысы Айгерим Эшкожоева) уюштурушту. Концерттин башында ЭАУ окутуучуларына арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, мугалимдерге арналган ырлардан көркөм окуулар болуп, шаңдуу бийлер жана ырлар, анын ичинде балеттик номерлер, бир катар зор эстетикалык жана руханий мазмундагы сюжеттер, тартууланды. Муну менен бирге, тамашалуу көрсөтүүлөр да агай-эжекелердин жаркын маанайын көтөрдү. Жалпысынан агай-эжекелердин кесиптик майрамы абдан жакшы белгиленди. Майрамдын көркүн ачкан Жаштар иштери боюнча комитетке (Тагай Сүйүнбаев), чыгармачыл студенттерге чоң рахмат! Майрамда куттуктап келген уюм-мекемелердин өкүлдөрүнө чоң рахмат! Майрамыңыздар менен, урматтуу агай-эжекелер!
фил.и.к., ЭАУ профессору Анвар ЖОЛДОШБАЕВ


















