ЭАУда 23-СЕНТЯБРЬ – МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ!
Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас ш.) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде: 1) “Кыргыздардын турмуш-тиричилиги жана маданияты” көргөзмөсү; 2) “Кыргыз тили — кылымдардын үнү!” майрамдык концерти; 3) Борбордук китепканада кыргыз тилине, адабиятына, тарыхына арналган китептердин көргөзмөсү. Концертти ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору (директору М.А. Гайымов) жана ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институту (директору э.и.к., доц. Д.К. Сулайманова), анын курамындагы мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы (башчысы фил.и.к., ЭАУ проф. К.У. Пайзуллаева), философия жана табигый илимдер кафедрасы (башчысы т.и.к., доц. Н.С. Мырзабаева), педагогика кафедрасы (фил.и.к., доц. Д.И. Алтаева), маалыматтык технологиялар жана математика кафедрасы (К.А. Мамадалиева) уюштурушту. Майрамдык концертте кыргыз тарыхына, маданиятына жана тилине арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, кыргыз элдик оозеки чыгармаларынан үзүндүлөр, анын ичинде “Манас” дастаны, улуттук ыр-бийлер, кыргыз акындарынын мекенге, тилге арналган ырларынан көркөм окуулар, тарыхый окуяларды сахналаштыруулар тартууланды. Өзгөчө белгилеп кетсек, манасчыларыбыз дастандын ажайып дүйнөсүн көркөм тартуулап, сахналаштыруулар кыргыздын байыркы тарыхын даана чагылдырып, улуттук бийлерибиз көз жоосун алып, ырлар шаңдуу аткарылып, акындарыбыздын ырлары ободо чабыттап жаңырды, даректүү тасма да абдан мазмундуу болду. Майрамдык иш-чараларга чакырылган меймандардын тизмесинде №7704 Ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери, тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы майор Н.А. Мамаев. Аталган майрамдык иш-чаралар абдан жогорку деңгээлде жана кызыктуу болуп, профессор-окутуучулар курамынын, студенттердин жана меймандардын купулуна толду!
фил.и.к., ЭАУ профессору Анвар ЖОЛДОШБАЕВ
















