ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИНИН ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЖАКШЫ КАБАРЛАР
🇰🇬🇯🇵🇰🇬🇯🇵🇰🇬
Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Бишкекте Япониянын элчилигинин, KAKE Educational Japan билим берүү мекемесинин колдоосунда, «Мега Вэй» консалтинг компаниясы тарабынан «Келечекке жолдогон кайрылуум» аттуу япон тили боюнча сынак өткөрүлүп, аталган сынакта К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас ш.) «Чет тили» («Англис тили») багыты боюнча студенттери Сезим Эгембердиева жана Жасмин Усенова (ИЯ-1-24, ИЯ-3-24 тайпалары) I жана III орундарга, ЖАМУнун студенти Акылай Сайпидинова II орунга окутуучусу Йоко Масудонун жетекчилигинде жетишип, 16,7 сомго чейин акчалай сыйлыктарды алышты! Куттуктайбыз жана сыймыктанабыз! Эскертип кетсек, ЭАУда англис, япон, кытай, түрк тилдерин да окуп-үйрөнүүгө шарттар бар.
🇰🇬🇯🇵🇰🇬🇯🇵🇰🇬
ЭАУнун Чет тилдер, котормо теориясы & тажрыйбасы кафедрасынын башчысы фил.и.к., доц. Г.Т. Жапарова




