ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
🏐🏐🏐🏐🏐
Үстүбүздөгү жылдын 27-августунда Өзгөн шаарында Ош областынын спорттук мектептеринин волейбол боюнча райондор аралык ачык мелдеши өткөрүлдү. Аталган мелдешке 15 команда, анын ичинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин 9 класс билими негизинде билим алган студенттеринин курама командасы, катышышты. Команданын машыктыруучусу: жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасынын окутуучусу Сайидалим Мансуржан уулу, команданын капитаны: АСУ-9-1-25 тайпасынын студенти Даниэль Шарипов. Кызуу атаандаштыкта биздин команда 2-орунга жетишти! ЭАУнун ГЭК студенттеринин волейбол боюнча курама командасын чын жүрөктөн куттуктайбыз жана спорт жаатында мындан да жогору, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
🏐🏐🏐🏐🏐
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы






