ЭАУнун СТУДЕНТИ ЗЕЙНЕП ТОКТОГУЛОВАНЫН САЛТТУУ ЖАА АТУУДАГЫ СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 21-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Чет тили” адистиги боюнча 1-курстун (9 класс базасында) студенти Зейнеп Токтогулова Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Ош областтык дене тарбия жана спорт башкармалыгы өткөргөн “Салам Ош – 2026” туристтик фестивалында (Кара-Суу району, Беш-Мерген жайлоосу) спорттун улуттук түрлөрү боюнча “Салбуурун” мелдешинде (мергенчиликтеги комплекстүү оюндар) 40 метр аралыкта салттуу жаа атууда айымдар арасында 2-орунду ээлеп, күмүш медаль менен сыйланды. Машыктыруучусу белгилүү жаачы, 2026-жылдын Азия чемпиону, биздин сыймыгыбыз болуп келген Чолпонай Умуркулова (ЭАУнун мурунку окутуучусу). Эскертип кетсек, Зейнеп Токтогулова буга чейин, т.а. 2026-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына карата республикалык мелдеште салбуурун оюндары боюнча 50 метрден салттуу жаа атууда 1-орунду ээлеген. Ага чейин да республикалык жана аймактык мелдештерде салттуу жаа атууда байгелүү орундарды ээлеп келген. Зейнеп Токтогулованы жогоруда аталган спорттук ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан да жогору спорттук ийгиликтерди каалайбыз! Кошумчалап кетсек, Зейнеп Токтогулованын апасы Ширин Наржигитова ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасынын математика боюнча окутуучусу.
ЭАУнун дене трабия & спорт кафедрасы








