ЭАУнун АНДИЖАН АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТУУРАЛУУ
Үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинен 13-майына чейин Өзбекстан Республикасынын Андижан айыл чарба жана агрардык технологиялар институнун агрардык ишкердик жана базар таануу кафедрасынын окутуучулары (курамында Эгамберди Сотволдиев, Холмураджон Соткинов, Расулжон Солиев) К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин экономика жана каржы кафедрасында квалификацияны жогорулатуу курстарынан ийгиликтүү өтүштү. Квалификацияны жогорулатуу менен бирге, окуу жайдын окуу жараяны, илимий ишмердиги, окуу-усулдук иштери менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашышты. ЭАУнун илимий иштер боюнча проректору, э.и.д., проф., Төлөгөн Омошев айткандай, учурда Кыргызстандын түштүгүндөгү жогорку окуу жайлар Өзбекстандын жогорку окуу жайлары менен активдүү кызматташууда.
ЭАУнун эл аралык байланыштар бөлүмү







