ТҮРКИЯНЫН «МААРИФ» МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ФОНДУ МЕНЕН ЭАУнун КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 11-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Манас шаары) Түркиянын «Маариф»мамлекеттик билим берүү фондунун өкүлдөрү келишти. Белгилүү болгондой, «Маариф» фонду Кыргызстандагы ондогон билим берүү мекемелерине, анын ичинде «Ала-Тоо» университетине ээлик кылат. Делегациянын курамында «Маариф» фондунун Кыргызстандагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин директорунун орун басары Рахми Орал, «Маариф» фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорунун академиялык маселелер боюнча орун басары, п.и.д., проф. Кыялбек Акматов, Манас шаарындагы кыргыз-түрк эркектер жана кыздар лицейлеринин директорлору Абдулкадир Читил жана Рефика Читил болушту. «Маариф» фондунун өкүлдөрү ЭАУнун илим боюнча проректору, э.и.д., проф. Төлөгөн Омошев, тарбия иштери боюнча проректору, фил.и.к., проф. Анвар Жолдошбаев, ЭАУга караштуу Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору PhD, доц. Дурмуш Билге Аккуш менен жолугушуп, жогорку билим берүү, илим жаатында кызматташуулар тууралуу сөз кылышты.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы













