Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) 12-декабрь — Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Чыңгыз Айтматовдун мурасы — улуттук сыймык, дүйнөнү таануу» аттуу адабий тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасы тарабынан уюштурулду, кафедра башчысы фил.и.к., ЭАУ проф. Э.Г. Хурибаева. Иш-чарага «Филологиялык билим берүү» багыты, «Кыргыз, түрк тилдери жана адабияты» адистешүүсү боюнча студенттер, алардын агай-эжекелери катышышты. Кадырлуу мейман катары филология илимдеринин доктору, ЖАМУнун профессору Ибрагим Абдувалиев чакырылды. Аталган тегерек столдо Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы, кыргыз адабиятына кошкон салымы, дүйнө таанытуудагы ролу дагы бир ирет ачыкталып, баса белгиленди. Кошумчалап кетсек, ушул иш-чаранын алдында филология илимдеринин доктору, ЖАМУнун профессору Ибрагим Абдувалиевге илим-билимге сиңирген эмгеги, зор жеке салымы үчүн К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Катышуучулардын пикиринде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган адабий иш-чара абдан мазмундуу жана кызыктуу өткөрүлдү, иш-чаранын жүрүшүндө фото-видео жана аудио материалдар колдонулду. ЭАУда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата, мындан сырткары, дагы бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделген, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча адабий кече, сахналаштыруулар.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы














