ЭАУ ЖАМААТЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИККЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУСУ ЖӨНҮНДӨ
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жамаатынан 54 кызматкер үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке жигердүү катышып (арасында чет элдик окутуучулар да бар), Манас шаарынын «Спутник» кичи районунун Тарсус көчөсүндө, Түмөнбай Байзаков эс алуу багында бир топ тазалык иштерин аткарышты. Ишембиликте 1,2 тонна таштанды чыгарылды. Ишембиликке жигердүү катышкан кызматкерлерге чоң рахмат!
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
ЭАУ Кесиптик кошууну













