ЭАУнун МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШУУСУ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Жалал-Абад областтык китепканасында «Кыргыз тили — улуттун руханий мурасы» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) профессор-окутуучулар курамы жана студенттери жигердүү катышышты: т.и.к., ЭАУ проф. Жеңишбек Дүйшеев, ЭАУнун Борбордук китепканасынын директору Зуура Усубалиева, ага окутуучулар Айнура Сопонова, Айчүрөк Мадаминова бир катар темаларда баяндамаларын тааныштырып, студенттерибиз тематикалык викторинада билиминин жогорку деңгээлин көрсөтүштү. Конференцияга жигердүү катышкандыгы үчүн областтык китепкана тарабынан ЭАУнун китепканасына Түмөнбай Байзаковдун 2 томдук ырлар жыйнагынан 6 китеп белекке берилди.
ЭАУнун Борбордук китепканасы









