К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин илим бөлүмү ОшМУнун тренер-окутуучулары ф-м.и.д., профессор Д.А.Турсунов жана ф-м.и.к., доцент Г.М.Анарбаевалар илимий-изилдөө кызматташтыгын чыңдоо, илимий эмгектерди даярдоо жана басылмаларга чыгаруу, билим берүүдө жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды колдонуу, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык РИНЦ, СКОПУС, Web of Science системаларына макала, диссертация жазуу жана аны коргоого сунуштоо максатында уюштурулган салтка айланган Жайкы мектебин өткөрдү. Программага ар түрдүү жогорку окуу жайлардын профессорлору, доценттери, жаш окумуштуулары жана докторанттары катышып, заманбап илимий методологиялар боюнча интенсивдүү окутуудан өтүштү. Программа теориялык лекцияларды, интерактивдүү семинарларды, практикалык тренингдерди, мастер-класстарды жана дискуссиялык аянтчаларды өзүнө камтыды. Катышуучулар даяр маалыматты гана укпастан, реалдуу мисалдардын негизинде өз алдынча илимий долбоорлорду иштеп чыгышты, макалаларды даярдоонун өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүштү жана дүйнөлүк маалымат базалары менен иштөөнү үйрөнүштү.
Жайкы мектепке Манас шаарындагы университеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу тажрыйба алмашуунун сапатын бир топ жогорулатты. Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы, академиялык жазуу жана жасалма интеллект технологиялары боюнча өткөрүлгөн практикалык тренингдер катышуучулар тарабынан эң жогорку деңгээлде бааланды.




