ЭАУнун СТУДЕНТИ ЖАСМИН МЕДЕРБЕКОВА БЕЛ БОО КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТАРДА 2-3-ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕДИ!
Үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнунда Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында 2009-2010-жылдары туулган улан-кыздар арасында Алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат жана Улуттук “Белбогли” (бел боо) күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөрүлдү. Аталган чемпионаттарда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (Манас ш., ЭАУ) Гуманитардык-экономикалык колледжинин 1-курсунун “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча студенти Жасмин Медербекова +70 кг салмагында 3 жана 2-орундарды ээлеп, коло жана күмүш медалдар менен сыйланды. Аталган чемпионаттарга 20 өлкөнүн спортчулары катышкан. Ошого карабастан, биздин студент курч атаандаштыкта эки байгелүү орунга ээ болду. Жасминди куттуктайбыз жана ага мындан да жогору спорттук жеңиштерди каалайбыз!
ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети
СТУДЕНТКА МНУ ЖАСМИН МЕДЕРБЕКОВА ЗАНЯЛА 2 И 3 МЕСТА НА ЧЕМПИОНАТАХ МИРА ПО БОРЬБЕ НА ПОЯСАХ!
9-11 июня этого года в г. Фергана Республики Узбекистан были проведены Чемпионат мира по борьбе на поясах среди юношей и девушек 2009-2010 годов рождения и Чемпионат мира по национальной борьбе «Белбогли кураш» среди юношей и девушек 2009-2010 годов рождения. Студентка 1 курса по специальности «Преподавание в начальных классах» Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (г. Манас, МНУ) Жасмин Медербекова в весовой категории +70 кг заняла два призовых места: 3-е место и 2-место, согласно занятым местам была награждена бронзовой и серебряной медалями. В названных чемпионатах приняли участие спортсмены из 20 стран. Тем не менее, наша студентка в острой конкурентной борьба заняла два названных призовых места. Поздравляем Жасмин и желаем ей новых высоких побед!
Комитет по делам молодежи МНУ









