ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин чөлкөмдөгү окуу жайлар менен кызматташтык мамилелерди өркүндөтүүсү жөнүндө
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин ( Манас шаары) математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык-технологиялык сабактар кафедрасынын (башчысы Айгерим Эшкожоева) окутуучулары ушул жылдын 18-25-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык колледжине жана Ош техникалык университетинин колледжине академиялык мобилдүүлүк алкагында барышып, материалдык-техникалык базасы, окуу жараяны жана окуу-усулдук ишмердиги менен жакындан таанышып, бир катар конок лекцияларын жана практикалык сабактарды өтүп келишти. Жалпысынан аталган сапарлар чөлкөмдөгү окуу жайлар арасында кызматташтыкты өнүктүрүүгө белгилүү салымын кошту десек болот.
ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин дирекциясы











