ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ӨТКӨН КЕҢЕШМЕ ТУУРАЛУУ
Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Мектепке чейинки билим берүү”, “Башталгыч класстарда окутуу” адистиктери боюнча адистерди даярдаган педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасы (башчысы Анара Кетирекеева) тарабынан Манас шаарынын, Сузак районунун №13 Рози Азимов, №9 Ратбек Санатбаев, №4, №14 Сатыбалды Давлетов, №24 Гүлнара Бакиева, №97 Алымжан Сабитов, №27 Закиржан Бакиров, № 19 Иманалы Сатыбаев, № 99 Жылгын-Кечүү, № 28 Чыңгыз Айтматов, №6 Токтосун Темирбаев орто мектептеринин жана “Ак-Тилек”, “Наристе-1”, “Росинка”, №36 “Чабалекей” бала бакчаларынын жетекчилери менен иш берүүчүлөр катары “Адистерди ишке орноштуруудагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” темасында кеңешме өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын жетекчилиги жана кафедра жамааты иш берүүчүлөр менен биргеликте төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты:
- билим берүү тармагынын талаптарына ылайык теориялык билимди практика менен айкалыштыруу;
- жаңы муундагы мугалимдердин, тарбиячылардын заманбап санариптик каражаттарды колдоно билүү көндүмдөрүн арттыруу;
- студенттердин иш берүүчү мекемелерде тажрыйба топтоосуна шарт түзүү жана кесипкөй адис катары калыптануусуна көмөктөшүү;
- илимий-практикалык конференцияларды, чеберчилик класстарды жана чеберчилик сессияларын туруктуу өткөрүп туруу.
Жолугушуунун соңунда тараптар ачык диалог үчүн ыраазычылык билдирип, айтылган сунуштар окуу мерчемдерине киргизиле тургандыгын белгилешти. ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин директору, PhD, доц. Авакан Улан уулу атйкандай, иш берүүчүлөр менен такай жолугушуулар, кеңешмелер жогорку жана орто кесиптик билими бар заманбап адистерди сапаттуу даярдоодо абдан маанилүү маселелердин бири.
ЭАУнун Кесиптик билим берүү & коомчулук менен байланыштар менен кызматы










