ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ЖАНА ЖАМУнун ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасынын профессор-окутуучулар курамы (башчысы Анара Кетирекеева) тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжине иш сапары менен барышып, “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттерине “Психология”, “Математиканын баштапкы негиздери жана окутуу усулуяты”, “Балдар адабияты жана көркөм окуу”, “Педагогикалык чеберчилик”, “Көркөм сүрөттү тартуу жана анын технологиясын окутуу усулдары” сабактары боюнча бир катар темаларда конок лекцияларды өтүштү. Лекциялар учурунда заманбап педагогикалык технологиялар, окутуунун жаңы усулдары жана билим берүүдөгү санариптештирүү маселелери талкууланды. Кесиптештер менен биргеликте болочок педагогдорду даярдоонун сапатын жогорулатуу багытында пикир алмашуулар болду, о.э. академиялык мобилдүүлүк алкагында кесиптештердин иш тажрыйбасы, окуу программаларынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, келечектеги биргелешкен долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр улантылды. Бул иш сапар эки окуу жайдын ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы












