ЭАУнун ЖЕТЕКЧИЛИГИНИН ИЛИМ-БИЛИМ ЖААТЫНДА ИЙГИЛИКТЕРГЕ ӨБӨЛГӨЛӨРДҮ ТҮЗҮҮСҮ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунда окуу жайдын ишмердигинин бир катар багыттары боюнча жыйын өткөрүлүп, бир катар кызматкерлер илим-билимге болгон жеке салымдары үчүн экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент Академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматов медалы менен сыйланышты. Мындан сырткары, бир катар кызматкерлерге университеттин профессору, доценти окумуштуулук наамдары берилип, өздөрү жазган, түзгөн окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолор, эл аралык басылмаларда жарыяланган абдан мазмундуу жана маанилүү, актуалдуу илимий макалалары үчүн, жогорку окуу жайларынын студенттери арасында предметтик олимпиадаларда студенттери менен ээлеген байгелүү орундарга жетишкендиги үчүн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Арасында чет элдик жарандар да бар, алардын бири ЭАУнун Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору, PhD (менеджмент) Дурмуш Билге Аккуш. ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда ушундай медалдар менен сыйлоолор, окуу жайдын окумуштуулук наамдарын ыйгаруу, акчалай сыйлыктарды берүү аркылуу университеттин жетекчилиги профессор-окутуучулар курамына стимул берип, окуу-илимимий иштердин жүрүшүн активдештирип, сапатын арттырат, бир катар ийгиликтерге өбөлгө түзөт. Окумуштуулук наамдарга, сыйлыктарга татыган кызматкерлерибизди куттуктайбыз жана албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы














