ЭАУда ЭКОЛОГИЯНЫ ОКУТУУ, МЕКЕН ТАБИЯТЫНА АЯР МАМИЛЕ КЫЛУУ, ЭКОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА ИЛИМИЙ-УСУЛДУК СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) “Жаратман муун” эко-акциясы алкагында “Экологияны окутууда заманбап билим берүү технологияларын колдонуу, мекен табиятына аяр мамиле кылуу жана студенттердин экологиялык маданиятын калыптандыруу” темасында илимий-усулдук семинар өткөрүлдү. Аталган семинар философия жана табигый илимдер кафедрасы (башчысы т.и.к., доц. Нуржамал Мырзабаева) тарабынан уюштурулду, семинарга ЭАУнун студенттери жана профессор-окутуучулар курамы менен бирге бир катар жаратылышты коргоо боюнча уюм-мекемелердин өкүлдөрү, адистер, шериктеш жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар курамынын өкүлдөрү да катышышты. Семинарда атайын баяндамалар берилип, алар видео-фото материалдар менен коштолду, бир катар маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдө талкуулоолор да болду, пикирлер айтылды. Катышуучулардын пикири
















