ЭАУда СТУДЕНТТЕРДИН КҮЗГҮ СПАРТАКИАДАСЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (Манас ш., ЭАУ) студенттердин күзгү спартакиадасы аягына чыкты. Спартакиада 12-октябрда башталып, спорттун волейбол, баскетбол, кичи футбол, стол тенниси, чатыраш, тогуз коргоол, жеңил атлетика, аркан тартышуу, гиря көтөрүү түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, кызуу мелдештердин натыйжасында орундар төмөнкү тартипте бөлүндү: Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун студенттеринин курама командасы – 1-орун; Гуманитардык-экономикалык колледждин студенттеринин курама командасы — 2-орун; Эл аралык медициналык колледжинин студенттеринин курама командасы – 3-орун; Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун студенттеринин курама командасы – 4-орун; Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин студенттеринин курама командасы – 5-орун. Жалпы натыйжада спорт, ден соолук, биримдик утушту. Спартакиаданын аякташында салтанаттуу чогулушта ЭАУ ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева проректорлор э.и.д., проф. Төлөгөн Омошев, э.и.к., доц. Калбек Райымкулов, фил.и.к., проф. Анвар Жолдошбаев менен биргеликте дене тарбия жана спорт кафедрасынын профессор-окутуучулар курамына, “Ден соолук” спорт клубунун машыктыруучуларына (башчысы доц. Урмат Амиракулов) спортсмен студенттерге спортту өнүктүрүүгө жана жайылтууга, сергек жашоо ыңгайын үгүттөөгө кошкон жигердүү салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, байгелүү орундарга жетишкен, жигердүү катышкан командаларды, мыкты спортсмендерди чын жүрөктөн куттукташып, бир катар сыйлыктарды тапшырышты. Эскертип кетсек, мындай спартакиадалар ЭАУда жыл сайын өткөрүлүп, окуу жайдын мыкты салттуу иш-чараларынан болуп калган.
фил.и.к., ЭАУ профессору Анвар ЖОЛДОШБАЕВ

















