ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМДАРДАН КАБАРЛАР
🇰🇬🇦🇿🇰🇿🇹🇷🇺🇿
Үстүбүздөгү жылдын 2-4- октябрь күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) профессор-окутуучулар курамынын өкүлдөрү, т.а. илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы саяс.и.к., доц. А.С. Калиев, тарых.и.к., ЭАУ проф. Ж.А. Дүйшеев, Кыргыз-Түрк «Манас» университети уюштурган «Түрк элдеринин салттуу спорт оюндары» темасынлагы XIV эл аралык симпозиумга жигердүү катышып келишти. Ошону менен катар, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессор-окутуучулар курамы жана студенттери менен академиялык мобилдүүлүк, илимий изилдөө кызматташтыгы боюнча пикир алмашышты.
🇰🇬🇰🇿🇹🇷🇺🇿🇦🇿
ЭАУнун илим, аспирантура жана докторантура бөлүмү











