ЭАУнун ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯЛАРГА КАТЫШУУСУ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 16-18-сентябрында Казакстан Республикасынын Чымкент шаарындагы Мирас университетинде болуп өткөн Түркиянын “Түрк дүйнөсү” фондунун социалдык-саясий илимдер боюнча XXIV эл аралык конференциясы өткөрүлүп, ага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) илимий иштер боюнча проректору э.и.д., профессор Төлөгөн Омошев, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасынын башчысы филол.и.к., профессор Элмира Хурибаева, экономика, менеджмент жана туризм кафедарсынын башчысы PhD, доцент Давран Юлдашев, о.э. бир нече окутуучулар бир катар темалар боюнча илимий баяндамалары менен илимий талкуулоолорго жигердүү катышып келишти. Эскертип кетсек, ЭАУнун ректораты жана профессор-окутуучулар курамы Казакстан Республикасынын бир катар жогорку окуу жайлары менен илим-билим жаатында тыгыз кызматташтык мамлелерин өркүндөтүп келет.
ЭАКТИ дирекцияс





