ЭАУнун ЖАМААТЫ VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШТЫ
Коомчукка белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 31-августтан 6-сентябрына дейре Кыргыз Республикасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. Аны менен бирге бир катар ири иш-чаралар да удаа өттү. Аталган иш-чараларга К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери да жигердүү катышышты. Иш-чараларды атап кетсек: 1) 2-3-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, ага илимий иштер боюнча проректор э.и.д., профессор Т.Т. Омошев, илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, саяс.и.к., доцент А.С. Калиев, философия жана табигый илимдер кафедрасынын профессору т.и.к., проф. Ж.А. Дүйшеев өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү боюнча баяндамалары менен катышышты; 2) Ысык-Көл областынын айтылуу Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, этно-шаарчада университетибиздин өкүлдөрү боз үй тигип, кыргыздардын салттуу үй тиричилигин көрсөтүшүп, меймандарга дастаркон жайышып, жогорку меймандостукту көрсөтүшкөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин ыраазычылыгына арзышты. Жалпысынан жогоруда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, мекендештер жана чет элдик меймандар белгилегендей, абдан жогорку деңгээлде өткөрүлдү!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы










