ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН САЛТАНАТЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат өткөрүлдү. Салтанаттын расмий бөлүгүндө университеттин ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева,
аталган колледждин директору PhD, доцент Авакан Улан улуу бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктоосу менен куттукташып, эртеңки кесиптик ишмердигинде албан-албан ийгиликтерди каалашты. Муну менен бирге, мыкты бүтүрүүчүлөргө жана коомдук-маданий, спорттук иш-чаралардын активисттерине ардак каттар, алкыш барактары тапшырылды. Андан кийин майрамдык концерт тартууланды. Концертке баштапкы шаңды педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасынын окутуучу эжекелери беришти (кафедра башчысы Анара Кетирекеева). Андан кийин белгилүү эстрадалык ырчы Майрамбек Султанов, “Ала-Тоо жазы-2026” сынагынын жеңүүчүсү Нуркамила Черикова ырдашып, окуу жайдын бий топтору улуттук жана заманбап бийлерди аткарышты. Салтанатка бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, бүтүрүүчүлөргө иш берген уюм-мекемелердин өкүлдөрү да катышышты. Жалпысынан бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат абдан шаңдуу өттү. Ак жол сиздерге, ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрү!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы





















