ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН КВАЛИФИКАЦИЯ АЛУУ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАЛАРДЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ СЕМИНАРЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасы (башчысы Анара Кетирекеева) үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда «Башталгыч класстарда окутуу» адистиги боюнча бүтүрүүчү курстарда билим алган студенттердин квалификация алуу алдындагы практиканын жыйынтыгын чыгаруу боюнча семинар өткөрүп, практика учурундагы тажрыйбаны талкуулап, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди белгилешти. Практикада мыкты жагынан айырмаланган студенттерге мектептердин дирекцияларынын ыраазычылык каттары да тапшырылды.
ГЭК дирекциясы








