ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ТҮРК ИНСТИТУТУНУН ЖАНА КОЛЛЕДЖИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН САЛТАНАТ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас ш.) жыйындар залында окуу жайга караштуу Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат өткөрүлдү. Салтанаттын расмий бөлүгүндө университеттин ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева жана аталган институт менен колледждин директору, PhD, доцент Дурмуш Билге Аккуш бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттукташып, эртеңки кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалап кетишти. Муну менен бирге, мыкты бүтүрүүчүлөргө, т.а. окуунун мыктыларына жана коомдук-маданий, спорттук иш-чаралардын активисттерине ардак грамоталар, мактоо барактары тапшырылды. Расмий бөлүктөн кийин майрамдык концерт тартууланды: концертте кыргыз жана түрк бийлери көрсөтүлүп, кыргыз жана түрк ырлары ырдалды. Салтанатка бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери да чакырылган. Салтанат ЭАУнун мыкты салттарында, абдан кызыктуу жана шаңдуу өттү! Бүтүрүүчүлөрүбүздү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз!
Эскертип кетсек, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө 2 диплом берилет: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүсүндө жана Түркия Республикасынын үлгүсүндө.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы























