ЭАУнун СТУДЕНТИ НУРКАМИЛА ЧЕРИКОВА VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА КАРАТА “КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ” СЫНАГЫНДА ЭЛ ТАНДООСУ МЕНЕН БАЙГЕЛҮҮ III ОРУНГА ЖЕТИШТИ!
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көчмөндөр жаңырыгы” аттуу эл аралык этно-ыр сынагынын Улуттук тандоо сынагы өткөрүлдү. Бул тандоо сынагы массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды. Финалдык бөлүгүндө 10 мыкты ырчы катышкан, алардын ичинде атактуу ырчыбыз, “Көчмөн бийи” автордук композициясы менен белгилүү болгон, Борбордук Азиянын алтын үнү Нур Чолпон да болду. Аталган тандоого К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (Манас ш.) Гуманитардык –экономикалык колледжинин “Чет тили” (англис тили) адистиги боюнча 2-курстун ПДо-1-24 тайпасынын студенти, “Ала-Тоо жазы-2026” чыгармачылык сынагынын ыр боюнча жеңүүчүсү Нуркамила Черикова “Дарак ыры” (сөзү Б. Чотуров, обону Ж. Апасов) жана “Rolling in the deep” (“Туңгуюкта тоголонгон”, музыкасы жана тексти Адель, Пол Эпуорт) ырлары менен катышып, эл тандоосунда 3-орунга жетишти, ушуну менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында ырдай турган болду. Бул ийгиликтерге Нуркамила кызыбыз ЭАУнун Маданий-эстетикалык борборунун директору, маданияттын мыктысы Муктар Гайымовдун жетекчилигинде жетишти. Сынактын эртеси байгелүү орундарга жетишкендерди, анын ичинде Нуркамила Черикова менен Муктар Гайымов, Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев тарабынан кабыл алынышып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында ырдай тургандыгы тастыкталды. Нуркамила менен Муктар агайды аталган ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул ийгилик үчүн активдүү добуш берген ыр сүйүүчүлөрүнө, анын ичинде Жалал-Абад областынын, Манас шаарынын тургундарына чоң ыраазычылык билдиребиз!
ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети









