ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮДҮК АЛКАГЫНДАГЫ САПАРЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин (Манас шаары) эсеп-каржы сабактары кафедрасынын (башчысы Гүлшайыр Топчубаева) окутуучулары академиялык мобилдүүлүк алкагында ушул жылдын 20-23-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжине жана Майлуу-Суудагы Борбордук Азия колледжине барышып, алардын материалдык-техникалык базасы, окуу жараяны, окуу-усулдук ишмердиги менен жакындан таанышып, конок лекцияларды жана практикалык сабактарды өтүп келишти. Жалпысынан аталган сапарлар чөлкөмдөгү окуу жайлар ортосунда кызматташтык мамилелерди бекемдөөдө абдан жемиштүү болду.
ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин дирекциясы












