ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН ЛАТЫН ТИЛИ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Казакстан Республикасынын Темиртау шаарында Темиртау Медициналык колледжи тарабынан медициналык колледждер арасында “Латын тили” сабагы боюнча эл аралык олимпиада өткөрүлүп, ага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Эл аралык Медициналык колледжинин студенттери да катышышты. Натыйжада “Дарылоо иши” адистиги боюнча 1-курсунун студенттери Тахмина Козиходжаева 2-даражадагы, Хилола Саматова 3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Муну менен бирге, ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжинин директору Акпарали Дороев, клиникалык сабактар кафедрасынын башчысы Гүлнара Нармырзаева, окутуучусу Зарина Зульпукарова аталган олимпиаданын уюштуруучулары тарабынан студенттерин олимпиадага мыкты даярдаганы, мыкты окуткандыгы үчүн ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Бул ийгиликтер ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжинде окутуу жараянынын сапаттуулугун дагы бир ирет айгинелешет.
АКЫЙКАТЧЫЛАРДЫН ЭАУдагы КОНОК ЛЕКЦИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 21-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги (М.С. Сабиров) жана адистери билим берүү чөйрөсүндө басмырлоо, мазактоо жана кемсинтүү, алардын алдын алуу, жоюу темасында конок лекция өткөрүштү. Лекциянын жүрүшүндө атайын видео-фото материалдар көрсөтүлүп, суроо-жооптор болду. Жалпысынан аталган иш-чара абдан мазмундуу жана кызыктуу өттү. ЭАУнун ректору, э.и.д., проф. Айжамал Кантөрөева белгигендей, университетте жана анын колледждеринде укуктук темаларда иш-чаралар мерчемдүү түрдө өткөрүлүп, студенттерге укуктук тарбия берүүгө олуттуу көңүл бурулат.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы











