ЭАУнун ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН АНДИЖАН МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫНА КАТЫШУУСУ ТУУРАЛУУ
Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) профессор-окутуучулар курамынын өкүлдөрү, саяс.и.к., доц. Азамат Калиев, т.и.к., доцент Нуржамал Мырзабаева, фил.и.к., доцент Гүлнарида Жапарова ж.б., Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда Алыкул Осмоновдун 111 жылдык мааракесине өткөрүлгөн “Түрк элдеринин филологиясынын фундаменти жана инновациялык технологиялар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга жигердүү катышып келишти. Конференция Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын базасында уюштурулду. Конференцияда Борбордук Азиянын түрк тилдүү элдеринин, кыргыз элинин руханий дүйнөсүндө өзгөчө орду бар улуу акын, гуманист жана поэзиянын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына терең талдоолор берилип, кызуу талкуулар болду. Муну менен бирге, университетинин профессор-окутуучулар курамы жана студенттери менен академиялык мобилдүүлүк, илимий кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашуулар болуп өттү. ЭАУнун ректору, э.и.д., проф. Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда ЭАУ Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып, илим-билим жаатында эки мамлекеттин достугун жигердүү бекемдешүүдө.
ЭАУнун Кесиптик билим берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы






