БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН ЖАНА ЭАУнун ЖАШТАР АРАСЫНДА БАҢГИЗАТТАРДЫН ЖАЙЫЛЫШЫ, АЛАРГА КӨЗ КАРАНДЫЛЫК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары.) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бажы кызматы тарабынан “Жаштар баңгизаттарга каршы жана спорт менен сергек жашоо ыңгайын тандашат!” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара алкагында студенттер үчүн лекцияны бажы кызматынын полковниги, буга чейин баңгизаттар кылмыштары менен күрөшүү боюнча бөлүмдүн башчысы Нурбек Жээнбеков өткөрдү. Аталган тема боюнча иш-чара, лекция абдан мазмундуу жана кызыктуу болуп, соңунда студенттер тарабынан суроолор берилип, жооптор кайтарылды. ЭАУнун тарбия иштери боюнча проректору фил.и.к., профессор Анвар Жолдошбаев белгилеп кеткендей, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте жаштар арасында баңгизаттардын жайылышы, аларга көз карандылык менен күрөшүүгө, анын алдын алууга олуттуу көнүл бурулат.
ЭАУнун СПОРТТОГУ ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 10-11-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында биринчилик өткөрүлүп, 20 жашка чейинкилер арасында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин “Юриспруденция” багыты боюнча 1-курсунун студенти Раатбек Паязбеков 82 кг салмагында биринчи орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланды! Студентибиз Раатбекти аталган спорттук ийгилиги менен чың жүрөктөн куттуктайбыз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы














