
Райымкул уулу Жакшылык
Должность: Зав. кафедрой общеобразовательных дисциплин
Образование: Высшее
Жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасы жөнүндө маалымат
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректорунун 2016-жылдын 15-августундагы №98-буйругунун негизинде Гуманитардык-экономикалык колледжинде 1-курстун окуу жүгүн кабыл алуу менен (9-класстын базасында) Жалпы билим берүүчү сабактар цикли түзүлгөн. Ошондой эле ректордун 2016-жылдын 1-сентябрындагы №03-буйругу менен циклдин жетекчилигине п.и.к., профессор Омошев Төлөгөн Теңирович дайындалды.
2018-2019-окуу жылында цикл “Жалпы билим берүүчү сабактар” кафедрасы болуп аталды. Кафедрага жетекчилик милдетин 2017-жылдын октябрь айынан баштап Авазова Эркайым Абдивалиевна дайындалды.
2020-жылдан 2024-жылга чейин кафедранын башчысынын милдетин Топчубай уулу Замирбек аткарды.
Жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасында учурда, 2024-2025-окуу жылында, 43 окутуучу үзүрлүү эмгектенип жатат. Алардын ичинен 37 окутуучу штаттык негизде, 6 окутуучу айкалыштыруу менен сабактарды өтүшөт. Кафедрада доцент наамына ээ болгон 3 окутуучу жана 7 ага окутуучулар иштеп келе жатат.
2024-2025-окуу жылынын сентябрь айынан баштап Жумабаева Гулбара Имамасановна аткарып келе жатат.
Кафедра контрактык негизде мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окутуу менен кесиптик орто билимге ээ болуучу 9-класстын базасында 1-курстун студенттерине билим берет.
1-курстун 9 базасында 21 предметтик сабактар өтүлөт.
Преподаватели кафедры

























